Эртең, Нооруз күнү "Пегасус" авиакомпаниясынын биринчи каттамы Стамбулдан Бишкек шаарына келип конот
Эртең, 21-март күнү, Нооруз майрамында «Air Manas»/ТМ «Pegasus Asia» авиакомпаниясынын алгачкы каттамы эл аралык "Манас" аэропортуна келип конот. Түркиянын Стамбул шаарынан көтөрүлгөн учак 21-март күнү Бишкек шаарына конуп, анын эртеси, 22-мартта каттам кайра Түркияны көздөй сапар тартат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.
Стамбулдан келүүчү Boeing 737-800 учагынын Бишкекте саат 04:20да конуусу күтүлүүдө, учуунун жалпы убактысынын аралыгы 4 саат 45 мүнөттү түзөт. "Бишкек-Стамбул-Бишкек" каттамы күн сайын учуучу негизде каралууда. Ал эми Boeing 737-800 учагынын сыйымдуулугу 189 жүргүнчүгө чейин.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

