Спайс боюнча быйыл Бишкекте 2 факт катталып, кылмыш иши козголду

"Спайс маңзаты боюнча быйыл борбор калаада 2 факт катталып, кылмыш иши козголду. Өткөн жылы 4 факт катталган, бирок ал учурда спайс баңгизат катары мыйзамга киргизиле электигине байланыштуу кылмыш иштери ачылган эмес. Негизинен аталган зат Кытайдан алынып келинет. Өлчөмү 450 граммдай болуп калат". Бул тууралуу бүгүн, 8-февралдагы маалымат жыйынында ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Рыспек Үмүталиев билдирди.
Анын айтымында, жалпысынан кыргыз жеринен табылган баңгизаттар Казакстанга, андан ары Орусияга ташууга аракет кылгандардан алынат. Ал эми өлкө аймагында 2014-жылга салыштырмалуу былтыр баңгизаттарга байланыштуу кылмыштар 6,1 пайызга азайган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Rifle_2

08.02.2016. 12:18
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россиядан бизге жуктубу ?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.