super.kg logo

Токтогулда таштанды полигону талапка жооп бербегендиктен, таштанды 18 миңге жакын тургундун ден соолугуна олуттуу залака алып келиши мүмкүн (фоторепортаж)

 

Токтогул шаарынын таштанды таштоочу полигону мэрия тарабынан туура эмес жерге жана бир топ мыйзам бузуулар менен берилип калган. Бул тууралуу 8-февралда Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, таштанды жайы тургундар жашаган айылдарга жана Токтогул ГЭСине жакын аймакка жакын жайгашкан.

Экологиялык талаптар аткарылбагандыктан, инспекциянын адистери мэриянын жооптуу адамдарына 2012-жылдан бери административдик чараларды көрүп, эскертмелерди берип келет. Жылыш болбогондуктан, инспекция 2013-жылы таштанды полигонундагы экологиялык, санитардык мыйзам бузуу фактылары боюнча 490 миң сомдук доо коюп, сотко өткөрүп берген. Бүгүнкү күнгө чейин териштирүү иштери создуктурулуп келе жатканын Токтогул аймактык башкармалыгынын башчысынын орун басары Авазбек Кудайбердиев баса белгилейт. Кудайбердиевдин айтымында, облустук жана мэриянын жетекчилигине таштанды жайын талапка ылайык курдуруу максатында бир топ кайрылуулар жолдонгон, бирок таштанды жайынын айланасын тосуудан башка чаралар көрүлгөн эмес.

Өкмөттүн 2012-жылкы токтомуна ылайык, таштандылар боюнча маселелер аймактык жана облустук бийликтерге жүктөлгөн. Учурда өкмөттүн бул токтому Токтогул райондук администрациясы тарабынан аткарылбай келет. Бүгүнкү күндө инспекциянын адистери жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында таштанды жайын тыкыр көзөмөлгө алышкан. Полигонду экологиялык, санитардык талаптарга келтирүү иштери чукул жүрбөсө, 18 миңге жакын тургундун ден соолугуна таштанды жайынын олуттуу залакасы тийиши мүмкүн экендиги айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: