Борбордогу акча алмаштыруучу жайлардын бирине кол салуу болуп, андан 36 миң доллар акчаны алып кетишти

Борбордогу акча алмаштыруучу жайлардын бири тонолуп, андан 36 миң доллар уурдалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-февралда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Байтик баатыр жана Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан акча алмаштыруучу жайына 6-февраль күнү кол салуу болгон. Анда бет кап кийген эки белгисиз адам акча алмаштыруучу жайдын кызматкерин ур-токмокко алып, 36 миң доллар акчаны алып кеткен.
Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Кылмышкерлерди издөө иштери азырынча натыйжа бере электиги маалым болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Тангалчу нерсени тапкан экенсин...