Жалал-Абадда жер тилкесинин менчикке өтүп кетишине жол берген жооптуу кызматкерлерге карата кылмыш иши козголду
Жалал-Абадда бир катар коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу 8-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылы Жалал-Абад шаарында бир канча мамлекеттик кызмат адамдары мыйзамсыз түрдө материалдык байлыктарды таратуу, тагыраак айтканда, жер тилкелерин менчиктештирүү иштерин жүргүзүүдө коррупциялык схема түзүп алышкан. Анда Жалал-Абад шаардык мэриясынын, шаардын Архитектура башкармалыгы, ЖАМК жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери 1 гектар жер тилкесинин менчикке өтүп кетүүсүнө жол беришкен. Мындан улам мамлекетке 1 миллион 78 миң сом зыян келтирилген. Факт боюнча Жалал-Абад шаардык прокуратурасы тарабынан "коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.