Бишкекте жол-кайгуул кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду
Бишкекте МАИ кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзүп, ал окуя болгон жерден каза болду. Маалыматты 8-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинен тастыкташты.
Маалыматка караганда, окуя 7-февраль күнү Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндө болжол менен саат 01:50дө болгон. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан 34 жаштагы Ж.Улан аттуу МАИ кызматкери азиат улутундагы 30-35 жаштардагы адамды сүзгөн. Жөө жүрүүчү алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден көз жумган. Бул боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

1. Таң эрте багымдат намазын окуп таңкы зикрлерди калтырба, күнүң ийгиликтүү, тапканың берекелүү болот.
2. Шайтандын азгырыгына кабылып калбоон үчүн көп истигфар айт.
3. Дуа кылууну токтотпо анткени дуа ийгилике жетүүнүн эң оңой жолу.
4. Ар-бир айткан сөзүңдү периштелер жазып тураарын унутпа!
5. Кыйынчылыка кабылып, оор күн көрүп жатсаң башыңа түшкөн балээни жакшылыка жооруп, ар-бир кыйынчылыктын артында жеңилдик бар экенин эсиңден чыгарба!
6. Манжалардын кооздугу тасбих айтып биригип жаткан учуру. Дайыма таспих айтууну өзүңө адат кылып ал!
7. Кайгы-капа түйшүкө кабылган болсоң, " лаа илаха иллаллох " .- келмесин көп айт!.
8. Кедей-кембагалдардын, мискиндердин дуасын садака берип сатып ал.
9. Нафил намаздарда сажданы узун кыл, узун сажда кылуу жаркыраган сарайлардан абзел.
10. Ойноп сүйлөсөңда ойлоп сүйлө! Балким сен айткан сөз кимдир бирөөнүн көңүлүн оорутуп коюусу толук ыктымал.
Алла Таала барыбызды ушул насааттарга амал кылууну насип кылсын!