ЖКнын депутаттары Жогорку Нарын ГЭС каскадынын долбоору менен таанышып чыгышты
Жогорку Кеңештин бир топ депутаттарынын Нарын облусундагы иш сапары 20-мартта Нарын районунда улантылды. Анда эл өкүлдөрү Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулуш долбоору таанышып чыгышты. Белгилей кетсек, быйыл 21-февралда Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Жогорку Нарын ГЭС каскадын, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана пайдаланууга берүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланган. Ат-Башы ГЭСинин директору Адамалы Акбагышевдин айтымында, Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу жана пайдаланууга берүү боюнча долбоордун ишке ашуусу бир катар көйгөйлөрдү чечет. Тактап айтканда, облус аймагындагы бардык калктуу конуштар сугат суусу менен камсыз болот, коммуникация жакшырат, айылдар ортосунда көпүрөлөр курулуп, ички жолдор оңолот, ошондой эле 2 миңге жакын жумуш орду түзүлөт.


