super.kg logo

Бир ай ичинде салык органдарында жеке ишкер катары 1,7 миңден ашык жеке жак каттоодон өттү

 

Үстүбүздөгү жылдын 1-февралына карата өлкөдө салык органдарынан 1783 жеке жак мамлекеттик каттоодон өттү: 959 жеке ишкер жана 824 дыйкан чарба. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Улуттук статистика комитетинин жеке жактарды жеке ишкер катары каттоо функциялары ушул жылдын 1-январынан тартып Мамлекеттик салык кызматына өткөрүлүп берилген. Ошону менен бирге Салык кызматы жеке жактарды жеке ишкер катары акысыз каттай баштады. Жеке ишкерлер мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн бланкына 5,95 сом гана төлөшөт. Мамлекет жеке ишкерлерди каттоо-кайра каттоо үчүн акы албайт.

2016-жылга чейин мамлекеттик каттоо функциясын жүргүзүп келген статистика органдары 145тен 330 сомго чейинки өлчөмүндө акы алып келишкени айтылды. Мисалы, Бишкекте сумма 300 сомду, Баткен шаарында 198 сомду, Таласта 147 сомду түзгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: