super.kg logo

Кыргыз Республикасынын аймагына баңгизаттар тажик жана өзбек чек арасындагы жолдор аркылуу кирет

 

Өлкө аймагына баңгизаттар тажик жана өзбек чек арасындагы жолдор аркылуу кирет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгынын өкүлү Рыспек Үмүталиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасындагы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен байланыштуу кырдаалдын изилдөөсүнүн негизинде жыл сайын өсүп бараткан оор түрдөгү баңгизаттардын саны мамлекетке төмөнкү жолдор жана багыттар аркылуу кирип келиши тастыкталып жатат:

- Кызыл-Арт - Тажик Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусунун Мургаб району менен чек ара мейкиндигинде жайгашкан аймактарды каптаган Хорог - Ош унаа жолу;

- Алтын-Мазар - Рушан бөксө тоосунан башталып, Алай кыркасы аркылуу Чоң-Алай өрөөнүнө чейин келет;

- Баткен - Тажик Республикасынын Жерге-Тал жана Гарм аймактарынан кыргыз жерине өтүүчү жолдорду каптайт;

- Худжанд (мурда Ленинабад) - Лейлек районунан башталып, Өзбек Республикасынын чек ара аймактары аркылуу Ош шаарына баруучу унаа жолдорду каптайт. Алардын ар бири бийик тоолуу ашуулар аркылуу өтүүчү көптөгөн аткезчилик жолдор менен түтүктөргө бөлүнүп кетет.

"Баңгизаттар менен күрөшүүдө эл аралык кызматташууну өнүктүрүү алкагында жана баңгизаттар келүүчү жолдор менен күрөшүүнүн ишенимдүү механизмдерин түзүү максатында КМШ өлкөлөрүнүн тийиштүү органдары менен өз ара кызматташтык орнотулууда",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: