super.kg logo
  Спорт  

"Алайдын" машыктыруучусу: "Чабуулчуларыбыздын оюнуна ыраазы болгон жокмун, пенальтиде жолу болгон команда утту"

 

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын Кубогунун финалдык баскычына чыга албай калды. Футболчуларыбыз 9-февралда ливандык "Триполи" клубуна каршы беттеште пенальтилер сериясында утулуп калышты (6:5). Оюндун негизги убактысы 0:0 эсебинде аяктады.

SUPER.KG порталы бул оюн боюнча "Алайдын" башкы машыктыруучусунун милдетин аткаруучу Айбек Татановдун оюн билди:

- Команда оюнга кандай даярдыкта эле?

- Жакшы даярдыкта болчу. Машыктыруучулар штабында мен өзүм гана болдум. Мүмкүн болушунча футболчулардын оюн билип, тиешелүү тапшырмаларды берип жаттым. Бул жакка келгенге чейин алардын 3 оюнун көргөнбүз. Атаандаштардын курамынан 3 футболчу жакшы ойнойт. Биздин футболчулар алардын оюн уюштуруусуна шарт түзүшкөн жок. Мен берген тапшырма аткарылды.

- Кандай план менен майданга чыктыңыздар эле?

- Оюн алдында айткам, "Бул команда менен биринчи жолу кездешип жатабыз. Убактылуу атаандаш тууралуу эч нерсе билбейбиз. 20 мүнөт коргонууда ойнойбуз" деп. 20 мүнөт коргонууда ойнодук. 22-мүнөттөн тарта оюн тең салмактуу болду. Эки команда тең арты-артынан чабуул уюштурганы менен, кооптуу кырдаал түзө алышкан жок.

- Пенальтиге жетип утулуп калуу, албетте, өкүндүрөт. Пенальти тепчү футболчуларды сиз дайындагансыз да, жаңылыштык кайдан кетти?

- Пенальтилер сериясында алгачкы болуп тебе турган 7 футболчунун тизмесин, албетте, өзүм түзгөм. Тилекке каршы, бир футболчубуз гол киргизе албай калды. Пенальти лотерея сыяктуу да, жолу болгон команда ийгиликке жетишет.

- Оюнчуларыңыз тууралуу эмне айта аласыз?

- Негизги убакыт бүтүп, кошумча 15 мүнөттүктөр ойнолуп жатканда чабуулчубуз Алиа Силла баш менен сүзчү топту буту менен тепти. Топ дарбазадан ашып кетти. Жалпысынан каршы чабуулда ойнодук. Тилекке каршы, биздин эки чабуулчубуздун оюндары мага жаккан жок (ред. Алиа Силла жана Владимир Верёвкин). Башка футболчуларга болсо ыраазычылыгымды билдирем!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.02.2016. 08:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: