super.kg logo
  Саясат  

Ош. "Кара-Суу" базарында иштегендер митингге чыгышты

 
Бүгүн, 20-мартта Ош облустук сотунун имаратынын алдына "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерелер митингге чыгышты. Алардын айтымында, 2000-жылы аталган базарга жакын жайгашкан жерден 80 жаран 3,5 миң долларга контейнер сатып алышып иштеп келишкен. Алар жерди Кенже Жээнбекова аттуу жарандан алгандыгын айтышууда. Маалым болгондой, былтыр сөз болуп жаткан жердин ээси ал аймакты башка жаранга сатып жиберип, жердин жаңы кожоюну соодагерлер турган жерге башка мекеме курууну пландап жатат. Буга байланыштуу ал жерди бошотууну талап кылган. Бул көйгөйдү Кара-Суу райондук соту карап, ишти соодагерлердин пайдасына чечип берген. Учурда ишти Ош облустук соту кароодо. 20-мартка белгиленген соттук отурум айыпталуучу Кенже Жээнбекованын келбей калганына байланыштуу башка күнгө жылдырылды. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: