super.kg logo

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн мыйзамсыз курулушу боюнча кылмыш иши козголду

 

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы жүргүзгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдү курууга уруксат берүүчү документтерин берүүдө Бишкек башкы архитектурасынын жооптуу адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, 2011-жылдын февралында Шаар куруу кеңешинин отурумунда Бишкек шаарынын Раззаков көчөсүнүн №42-объектисинин курулушу боюнча долбоорлоо алдындагы документтерди иштеп чыгуу үчүн эскизи жактырылган. Даярдалып, макулдашылып жана керектүү уруксат берүүчү документтерин бергенден кийин 12 кабаттуу турак үй курулган.

Тартылган адис-эксперттердин текшерүүсүндө архитектуралык-куруу ченемдеринин бир катар бузулуулары аныкталган. Кеңселердин жайларын жана жер астындагы унаа токтоочу жайы менен үйдүн долбоорун иштеп чыгууда архитектуралык-пландоо шарттары (АПШ) Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамынын 28-берене жана 36-беренесин бузуу менен түзүлгөн.

Үйдүн долбоорун иштеп чыгуу архитектуралык-пландоо шарттарынын талаптары одоно бузулушу менен даярдалган, анткени шарт боюнча 9 кабаттуу үй куруу каралган. Мындан сырткары инженердик тарамдары жаңыртылган эмес жана тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундулары менен документтердин пакеттери жок болгон. Ошондой эле үйгө өрт өчүрүүчү унаалардын тоскоолдуксуз жүрүүгө мүмкүнчүлүктөрүн камсыздандыруу боюнча Кыргыз Республикасынын “Өрт коопсуздугунун техникалык регламенти жөнүндө” мыйзамынын 54-беренесинин талаптары бузулган.

Бул факт боюнча Биринчи Май районунун прокуратурасы “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду. Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
10.02.2016. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй курган фирмага штраф салсын очойтуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: