super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев: "Баткенде аткезчилик ардактуу кесип болуп калган"

 

Бүгүн, 10-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Баткен эркин экономикалык зонасы жөнүндө" мыйзам долбоору 3-окууда каралууда. Жыйындын жүрүшүндө өкмөттүн өкүлү бул долбоор алыскы Баткен облусунун Сүлүктү, Баткен шаарларын, Лейлек жана Баткен райондорун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында иштелип чыкканын айтты.

"Баткен эркин экономикалык зонасын түзүү ЭЭЗди аймакка инвестицияларды тартуу боюнча өбөлгө катары пайдаланууга мүмкүндүк берет. Жаңы Баткен ЭЭЗинин иштеши региондук экономикалык кырдаалды өнүктүрүү үчүн бардык жеткиликтүү чараларды колдонуу боюнча ойго жана милдетке шайкеш келет. Региондун ыңгайлуу географиялык жайгашуусу да ЭЭЗди түзүүгө стимул болот",- деди өкмөттүн өкүлү.

Депутат Өмүрбек Текебаев эркин экономикалык зонаны Баткен менен Лейлек райондорунда гана эмес, жалпы Баткен облусунда түзүү керек деп сунуштады. "Облустун бир бурчунда ЭЭЗ ачабыз деп жатасыңар. Бул абдан майда маселе болууда. Жөн эле бир дүкөн ачып жаткандай маселе. Жалпы облус боюнча ЭЭЗди түзүү туура, анткени Баткен аймагында аткезчилик - ардактуу кесип. "Контрабандист" жаман сөз эмес, "эмгекчил" деген сөз болуп калган. Аткезчилер чоң ишкер катары эсептелинет",- деди Текебаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: