super.kg logo

Москвада өрттөн каза болгондордун ДНК анализдеринин жыйынтыгы чыкты. Өкмөт аларды мекенине алып келүүгө 700 миң сом бөлдү

 

Өкмөт Орусиянын Москва шаарында өрттөн каза болгондордун сөөктөрүн кыргыз жерине алып келүү үчүн 700 миң сом бөлдү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева Москвада жумушчу жыйында айтканын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Айта кетсек, Москва шаарынын Стромынка көчөсүндөгү тигүү ишканасындагы өрттөн 12 адам, анын ичинен 3 кичинекей бала каза тапкан. Алардын ичинде 8 кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон.

Өрттөн каза болгон кыргыздардын жакындары 2-февралда Орусияга учуп кетишкен. 3-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери соттук-медициналык бюронун эксперттери менен жолугушуп, ДНКнын анализдерин тез арада чыгарып берүүнү суранышкан. Өкмөттүн басма сөз кызматы бүгүн, 10-февралда ДНК анализдери чыкканын кабарлады. Каза болгон кыргыз жарандарынын сөөктөрү туугандарына берилип, "Жүк-200" кыргыз жерине алынып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
10.02.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Акча болуп жакшы кылышыптыр окмот.
10.02.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
((( ушуд окуяны окуп же эстеген сайын журогум ооруйт
10.02.2016. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Жаман болду,эми эртераак ортун эмнеден келип чыкканын аныкташсын.
10.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Элибиз четте болсун оз жерибизде болсун мындай кайгылуу окуялардан аман болсунчу.
10.02.2016. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Качан кайсы саатда келишин билсенер кабарлап койгулачы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: