super.kg logo

Министр: «Быйыл лизингге берилүүчү техника үч эсе арзан үстөк пайыз менен болду»

 

Быйыл лизингге берилүүчү техника үч эсе арзан үстөк пайыз менен болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда маалымат жыйындын жүрүшүндө айыл чарба жана мелиорация министри Турдуназар Бекбоев билдирди. Анын айтымында, банктар аркылуу берилүүчү лизинг буга чейин 30 пайыздык үстөк менен берилчү.

«Быйыл аталган пайыз 9-10го чейин түшүрүлдү. Албетте, бул нерсе биздин дыйкандар үчүн өтө маанилүү. Ошондой эле быйылкы жазгы талаа иштерине карата ар бир райондук администрацияда атайын штабдар түзүлүп, даярдыктар көрүлүүдө.

Мындан тышкары республикалык бюджеттен каражаттар бөлүнүп, сугат каналдарын тазалоо иштери 50 пайызга бүткөрүлдү. Жазгы талаа иштери башталганга чейин каналдар толугу менен чөп, кум жана акыр-чикирден тазаланып бүтөт»,- деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: