Мээрбек Мискенбаев: "Куудулдарды соттоодо Рахман Разыковдун ыры далил"
Парламент депутаты Мээрбек Мискенбаев куудулдарды сотко берүүдө Рахман Разыковдун сахнада окуган ыры далил болуп бере алат деген пикирде. Депутат муну бүгүн, 10-февралда SUPER.KG порталына билдирип, мисал келтирди.
"Сахнада окулган ырда "Апрель окуясындагылар баатыр эмес, Июнь окуясындагылар баатыр" деп айтылып жатат. Мына ушул далил. Видеону көргөн кишиге бул даана эле байкалат. Муну мен түздөн-түз элди бөлүү деп эсептейм. Видеотасманы, тийиштүү материалдарды Ички иштер министрлигине бердик, жыйынтыгын күтүп жатам. Анын жыйынтыгы менен мындан аркы кадамдарга барабыз.
Мейли, мени каалагандай сындагыла, бирок Апрель, Июнь окуяларынын баатырларына тийишпей эле койгула, аяр мамиле жасагыла деген эле ойду айтып жатам. Булар ал окуяларга аралашкан эмес, ошондуктан үстүртөн карашып, кайгылуу окуяны күлкүнүн куралы кылып алышты. Элди күлдүрөм деп эле баарын сүйлөй берүүгө болбойт да",- деди Мискенбаев.
Белгилей кетсек, куудулдар депутаттын мындай кадамын "чындыкты айткан куудулдарга жогору жактан жасалган кысым" деп баалашууда.
Тынар менен Рахманды соттоочу баатырлар жөнүндө ызы-чуулуу сатира


