super.kg logo

Ооруп каза болгон адамдын жубайы дарыгерлер тарабынан медициналык жардамдын өз учурунда берилбегенин айтууда

 

Ооруп каза болгон адамдын жубайы дарыгерлер тарабынан медициналык жардамдын өз учурунда берилбегенин айтууда. Акыйкатчы кызматынан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын атына Г.М. аттуу жаран Бишкек шаарындагы №8-Үй-бүлөлүк медициналык борборунун кызматкерлеринин туура эмес аракеттери боюнча кайрылган. Арызда жазылгандай, анын күйөөсү өз учурунда медициналык жардам албагандыктан, 2015-жылдын 20-мартында Бишкек шаарындагы
№8-бейтапканада миокарддын инфарктынын курчушунан каза болгон.

Бул окуя анын балдарынын көз алдында болгон. Арыз ээсинин сөзүнө таянсак, бул факт Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө бир нече жолу каралып, кылмыш курамынын жоктугунан кылмыш ишин козгоодон эки жолу баш тартылган. Бирок Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун 2015-жылдын 5-ноябрындагы токтому менен ИИБдин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Р.Сыдыгалиевдин 2015-жылдын 10-октябрындагы кылмыш ишин козгоодон баш тартуусу жөнүндө токтому мыйзамсыз деп табылган. Баш тартылган материал 2015-жылдын 20-мартында мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн Бишкектеги Свердлов районунун прокуроруна жиберилген.

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурору Ж.Исмаиловго арыз ээсинин арызын текшерип, объективдүү, мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн кат жиберилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.02.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындайлар толтура конул бурган адам жок.
10.02.2016. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак халатчандар омур сакчысы болгону менен,ушунчалык жардамга муктаж болуп олгону жатсан да,силер биздин окурукка карабайсынар деп эшигин тарс жаап кирип кеткендерин коруп эле журобуз....
10.02.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үйбүлөлүк дарыгерлер тобуна кайрылган окшойсуз. Каерге катталган болсоңуз, ошол жерге кайрылыңыз. Башка жерге барсаңыз чынында карабайт. Себеби ашыкча жумуштун эч кимге кереги жок.
Гиппократтын анты, же дагы бир шылтоолор өтбөйт. Балким жылуу сөз менен келишип алса болот.
10.02.2016. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оорулуу өз учурунда кайрылды бекен же мына өлөт дегенде келдиби ?
Көрбөгөндөн кийин айтыш кыйын. Кабинеттен кабинетке түртүлүп жатып, өлүп калды деп уккан элем бул окуя боюнча. Өкүнүчтүү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: