super.kg logo
  Саясат  

Салык кодексине мунайзат өнүмдөрүн иштетүүгө көзөмөлдү күчөтүү максатында контролдук пломбаларды колдонуу тартиби киргизилүүдө

 

10-февралда Жогорку Кеңеште салык башкаруусун жакшыртуу, бюджеттин жоготуусун төмөндөтүү максатында иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Экономика министринин айтымында, мыйзам долбоору "Салык кызматы жөнүндө" жобо менен Салык кодексинин жоболорун шайкеш келтирүү максатында демилгеленүүдө. “КРнын Салык кодексинде айрым пункттар камтылбай калгандыктан, айрым ишкерлер рейддик салык көзөмөлүн жүргүзүүгө жол бербей жатышат", - деди ал. "Ошондон улам нефть өнүмдөрүн иштетүүнү эсепке алууда жана көзөмөлдөөдө контролдук пломбаларды колдонуу, жалданган жумушчулар менен эмгек келишимдеринин болушу жана киреше салыгын төлөбөө талабы киргизилүүдө”,- деп кошумчалады.

Талкуунун жүрүшүндө Мамлекеттик салык кызматынын 600 миң даанадан ашуун көзөмөлдүк пломбалары пайдаланылганы, салык мыйзамдуулугун бузган 14 379 факт табылганы, анын ичинде 4456 факт уруксат документтери жок болгону, анын жыйынтыгында 10 638,9 миң сом айып салынып, 7 893,4 миң сом бюджетке өндүрүлгөнү белгилүү болду. Мындай талап буга чейин эле ишке ашырылып келгендиктен, ишкерлерге кошумча кыйынчылыктарды жаратпайт. Азыр аны мыйзамдаштырып коюу милдети турат. Рейддик текшерүү актыларынын таризи өкмөт тарабынан бекитилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: