super.kg logo

Мгинго - дүйнө жүзү боюнча калкы жыш арал (фото)

 

Мгинго аралы Африкадагы Виктория көлүндө жайгашкан. Анын аянты 1800 чарчы метрге гана барабар жана анда 131 адам жашайт. Бул адамдар аралда "сенаттык республиканы" негиздеп, бөтөн адамдарды жергиликтүү коомчулукка кошушпайт. Арал Кения менен Уганданын ортосундагы талаш аймакта жайгашкан. Аралга эл 1991-жылы көчүп келген, себеби африкалыктар "анда Калеле аттуу каардуу жин жашайт" деген ойдо болушчу. Кениялык Далмас Тембо менен Дорж Кибебе сыйкырчыга 300 килограмм балык берип, жинди кубалатышканы айтылат. Андан соң гана аралга жайланышышкан.

Кийин бул эки балыкчыга Кения, Уганда жана Танзания өлкөлөрүнөн 60тай африкалыктар кошулушкан. Мгингого көчүп келүүнүн негизги себеби балыктын көп кармалышы гана эмес, теңсиздиги жок "мамлекетти" түзүү болгон. 2009-жылы Мгингонун калкынын саны 131ге жеткендиктен, алгачкы көчүп келген Тембо жана Кибебе коммунага эч кимди кабыл албоо чечимин чыгарышкан.

Жергиликтүү тургундар көбүнчө нил алабуга балыгын кармашат, бир жумада бир үй-бүлө 200-250 доллар таап коёт. Коңшу жерлерде жашаган африкалыктар бул сумманы 2-3 айда гана табышат.

Аралдагы "мамлекетти" Кения да, Уганда да өз аймагына кошо албай, акыры коммуна "эки өлкөгө тең салык төлөшү керек" деген чечимге келген.

Жыйынтыгында балыкчылардын тапканынын 25 пайызы салыкка төлөнсө, 10 пайызы коммунаны коргоого жумшалат. Андан калганы деле алар үчүн башка аралдардагы коңшуларына караганда жакшы жашоого шарт түзөт.

Бул аралда тамактануу үчүн 5 бар, сулуулук салону, дарыкана, бир нече мейманкана жана 4 жыныстык кызматтарды көрсөтүүчү жай бар. Балыкчылар ишке кеткенде, аялдары денеси менен кошумча акча таап коюшат. Мгингонун тургундарынын эрежелери боюнча, бөтөн адам бир суткадан көп убакытка аралда жүрө албайт.

Мгингону аралга алгачкылардан болуп көчүп келген Тембо менен Кибебе жана тургундардын тандоосу боюнча жашы 30дан өткөн сенаторлор башкарышат. 7 сенатор чечимди добуш берүү менен чыгарат.

Аралдагы эң оор жаза - бул андан кууп чыгуу, ал эми жөнөкөйү - саман камчы менен сабоо. 20 жыл ичинде бул "мамлекеттен" уурулук үчүн 6 адам куулган.

Мгингодон 200 метр алыстыкта Усинго аралы жайгашкан. Анда азыркыга чейин эч ким жашабайт. Мгинго тар болсо да, анын жашоочулары Усингого көчүп барышпайт, себеби ал аралда Тук аттуу каардуу жин жашай турганы айтылат. Ошондой эле "Мгингодон куулган Калеле жини да ошол аралга барган" деген ишеним бар.
Усинго аралы да Кения менен Уганданын талаш аймагында жайгашкан. Эки өлкөнүн тең аскерлери ал жакка токтогондон качышат. Усингодо убактылуу курулуштар бар, ал жакка Виктория дарыясын жана анын жашоочуларын изилдеген окумуштуулар гана анда-санда токтоп калышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(13)
11.02.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
корбогондон коро элегин коп деген ушу да...жазалары татыктуу экен ...уурулук учун аралдан кууса жакшы го,бизде килем тошоп аэропортко чейин узатышып,анан издей башташат го кокуй качты деп.....
11.02.2016. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш!
11.02.2016. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына кызык, шок, бир суткадан ашык журсон болбосо, аз калкка мындай (сауна) нерсенин эмне кереги бар деймда, жакшы таап жашагандан кийин.
Musabaeva түзөттү 2016-02-11 12:42:30
11.02.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Баарынанда аялга да эркеке да жумуш табылат экен. Жумушсуздуктан арылган мамлекет экен. Жанагы 7 сенаторго жыргал экен, 4 жыныстык жайда ле жатат болушу керек. Өздөрүнө ыңгайлуу мыйзам чыгарып алыптыр. Кениялык Далмас Тембо менен Дорж Кибебе ар кимдин аялдарын карап отуруп, мындай болбойт дегенго.
11.02.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
emne degen gana ukmushtar bar duynodo,bizde imenno jin bar degeni uchun barsa kerek ele,mintigin,kapkanin alip alip,jindi atip kelem dep:)))
11.02.2016. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анда барып усинго аралын алып койсо болсо болотэкен.тамаша
MAN-CITY түзөттү 2016-02-11 13:19:30
11.02.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ислам динин кабыл алдырыш керек...

Арзууда айып жок)))
11.02.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык экен
11.02.2016. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
куйолору балыкка кетсе аялдары денесин сатып акча таап жиберсе соз жок...
11.02.2016. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балыкчылар ишке кеткенде, аялдары денеси менен кошумча акча таап коюшат.деген жери тан калтырды. Эрлери билип калса деле аралдан куу чыгабы ошондо?
11.02.2016. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Maripa,Кошумча акча иштеп жатпайбы )
11.02.2016. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш
11.02.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: