super.kg logo

Бишкекте жана Талас облусунда жарандардан мыйзамсыз сакталган атуучу куралдар алынды

 

Баш калаада ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактап, пайдаланып жүргөндөргө карата рейддер жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

9-февралда жүргүзүлгөн рейдде бир катар жарандар атуучу куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышкан. Жарандардан 16 калибрдеги номери өчүрүлгөн атуучу курал, 34 даана 7,62 миллиметрлик СВДнын октору, СФ115Л деген жазуусу бар “Наган” тапанчасы 5,45 миллиметр калибриндеги ок атуучу куралдын 15 даана огу, 12 миллиметр калибриндеги ок атуучу куралдын 4 даана огу, 5,45 миллиметр калибриндеги АК-74 ок аттуучу куралдын огу, №53071 белгисиз үлгүдөгү мылтык, 5,39 миллиметр калибриндеги 23 даана ок, 1 даана сигналдык ракета, 7,62 миллиметр калибриндеги 20 даана ок тапшырылган.

Талас облусунда жергиликтүү тургундар 5,45 миллиметр калибриндеги 117 даана, 7,62 миллиметр калибриндеги 21 даана, 9 миллиметр калибриндеги 3 даана ок-дары жана УЗРГМ-2 гранатасынын запасын өз ыктыярлары менен ички иштер бөлүмдөрүнө өткөрүп беришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.02.2016. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2010-жылы бекитип алгандарды кайтарып берип жатышыптырда. Жакшы кылышат
10.02.2016. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргыздарда сакталып тура бергени жакшы. Ош окуясында куралы жок канчалаган кыргыз кырылып кетти.
10.02.2016. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ээ ошо писталетинер тынчывады да писталетти каяктан алат тушунбодум
11.02.2016. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентибиз Алмазбек Шаршенович бир интервьюсунда куралсыз барган элди атты! куралсыз!!! деп айтканда түшүнбөгөм, партиясында Мээрбек Мискенбаев бар экенин жана трибунадан сүйлөп чыкканын карап, Чыныбай Турсунбековдун парламенттик шайлоонун алдында КТРКда дебатта суроо берсе бир гана сөз менен жооп бергенин көрүп таң калган элем, азыр бул партиянын мүчөлөрүнө да таң калуу болбой калды! Жетекчиси кандай болсо, баары окшошуп калат окшойт, сыныктан башкасы жугуштуу, бирок кимге кимден жукту...?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: