super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы “Трансформация” кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 10-февралда “Трансформация” кыймылынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Аталган кыймылдын өкүлдөрү көптөгөн үй-бүлөлөр жашаган үйлөрүнүн жерлерин мыйзамдаштыра албай жатышканын, бул боюнча өкмөткө бир нече жолу кайрылып, ведомстволор аралык комиссия түзүлгөнүн айтышты. Бирок создуктурулуп, бүгүнкү күнгө чейин чечиле электиги, жарандар жерге болгон документтеринин жоктугунан улам социалдык жардам алуу, балдарын бала бакчаларга, мектептерге киргизүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ боло албай жатышканы белгиленди.

Жээнбеков Жогорку Кеңеш аталган маселенин чечилишине кызыкдар экенин жана аны жеке көзөмөлүнө аларын, өкмөткө зарыл болгон мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууну тездетүүгө тапшырма берилерин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө маселенин чечилиши үчүн өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилүүчү мыйзам долбоорлору боюнча коомдук угуулар уюштурулары белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: