Баткен облусунда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактоо фактылары аныкталды
Баткен облусундагы "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактоо фактылары аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аймактык Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында 1955-жылы туулган И.Мадалиев аттуу жаран номуру өчүрүлгөн ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды сактап жүргөнү аныкталган. Кадамжай районунун Алга айылында 43 жаштагы Н.Султанов аттуу жергиликтүү тургун да тиешелүү документи жок Иж-16 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды көтөрүп жүргөн жеринен кармалган.
Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Андай кабар бизге чыккан эмес.