super.kg logo

Чүйдөгү "Орок" көмөк чордонунун жабдыктары 1996-жылдан бери жаңыртылган эмес (фото)

 

Мамлекеттик экотехинспекциянын адистери "Орок" көмөк чордонунда жүргүзүлүп жаткан оңдоп-түзөө иштерин текшерүүгө алышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда аталган мекемеден билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү иштеринин жүрүшүндө "Орок" көмөк чордонунда токту үзгүлтүксүз берүү максатында убактылуу жабдыктар орнотулган.

"Натыйжада 30 миңден ашуун калк ток менен камсыздалды. Азыркы учурда 110/35/10 киловольт чыңалуудагы "Орок" көмөк чордону убактылуу схема менен иштеп жатат. Аталган ишкананын жабдыктары 1996-жылдан бери жаңыртылган эмес.

Эске салсак, 2015-жылдын 27-октябрында "Кыргызстан улуттук электр тармактарына" караштуу "Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасына тиешелүү 110/35/10 киловольт чыңалуудагы "Орок" көмөк чордонунда технологиялык бузулуу, жабдыктардын өрттөлүүсү катталган. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция тарабынан бузулууну иликтөө үчүн 2015-жылдын 28-октябрында жумушчу топ түзүлүп, 2015-жылдын 6-ноябрында иликтөө иштери бүткөн. Бузулуунун башталышына себепкер деп "Электросила" ЖЧКсы, бузулуунун андан ары өрчүп кетишине "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомуна караштуу "Чүй жогорку чыңалуудагы электр тармактары" ишканасы күнөөлүү деген корутунду чыгарылган. Мамэкотехинспекция тарабынан иликтөөнүн негизинде аныкталган бузулуунун кесепеттерин жоюу үчүн убакыт берилген эле",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: