Лексус унаасы менен жөө жүрүүчүнү сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон МАИ кызматкеринин иши прокуратурага өткөрүлүп берилди
Жөө жүрүүчүнү сүзүп, анын өлүмүнө себепкер болгон МАИ кызматкеринин иши тергөө үчүн Аламүдүн райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди. Муну 11-февралда SUPER.KG порталына Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Айта кетсек, окуя 7-февраль күнү Лебединовка айылынын Жеңиш көчөсүндө болгон. Анда Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бараткан 34 жаштагы Ж.Улан аттуу МАИ кызматкери жөө жүрүүчүнү сүзгөн. Катуу соккудан 41 жаштагы Нарын облусунун тургунунун бир буту үзүлүп кеткен. Ал жаракатынан улам окуя болгон жерден көз жумган.
Унаа айып пул төлөөчү жайга жеткирилип, айдоочу МАИ кызматкери болгондуктан, тергөө райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлө турган болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Amankg

11.02.2016. 16:03
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
34 жаштагы МАИ кызматкерии Лексус 470 айдап журсо я молчу. Ушунча жакшы акча табышабы ГАИшниктер?????
B.B.Sadykov

11.02.2016. 20:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
34 жаштагы МАИ кызматкери эмне деген арам акча менен алды болду экен 470ти. Канча кишинин каргышы тийиптир да анда. Кудайга жазалаптыр.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.