Үстүбүздөгү жылдын февраль айында былтыркыга караганда 200 миллион сомго көп жөлөк пул жана компенсация төлөндү
Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин билдиргени боюнча, үстүбүздөгү жылдын февраль айында былтыр ушул маалга караганда 200 миллион сомго көп жөлөк пул жана компенсация төлөнгөн.
Мамлекеттик жөлөк пул 75 миллион сомго жогорулап, 448 миллион 736 900 сомду түздү. Жөлөк пулдун жогорулашы кепилденген минималдуу кирешенин 810 сомго көбөйтүлгөнүнөн улам болгон. Ошондой эле жөлөк пулдун туруктуу өлчөмү киргизилгендиктен, орточо төлөмдөрдүн өлчөмү 553 сомдон 769 сомго көтөрүлгөн. Дагы 113 миллион 41 700 сом кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга төлөнсө, 17 миллион 414 миң сом компенсацияларга, жеңилдетүү жана сөөк коюу боюнча жөлөк пулдарга берилген.
Жалпысынан февраль айында калкка 579 миллион 192 700 сом жөлөк пул төлөндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.