super.kg logo

ЕАЭБдин алкагында импортёрлор жана экспортёрлор товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу салык органына алдын ала кабарлоого тийиш

 

Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында тышкы экономикалык ишмердикти жүзөгө ашырган ишкерлер Кыргыз Республикасынын салык органдарына мамлекеттик чек ара аркылуу товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу кабарламаны алдын ала берүүгө тийиш. Мындай эреже 2016-жылдын 10-мартынан тартып иштей баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы эреже КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-январындагы №38-токтому менен бекитилген “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында ишкердик ишти жүзөгө ашыруу максатында товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарлоо тартибине” ылайык киргизилүүдө. КРнын Өкмөтүнүн ушул эле токтому менен кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик чек арасы аркылуу транспорттук каражаттар менен товарларды ташып келүү же ташып кетүү ишмердиги менен алектенген уюмдар жана жеке жактар толтуруп жүргөн мамлекеттик көзөмөлдөн өтүү жөнүндө талон жокко чыгарылат. Жаңылык киргизүүнүн максаты – импорттук товарлардын толук эсебин алууну жана ата мекендик өндүрүүчүлөр үчүн бирдей атаандаштык шартын түзүүнү камсыз кылуу.

Бул үчүн импортёр же экспортёр товарлардын өткөрүлө тургандыгы тууралуу алдын ала кабарламаны 3 нускада толтурат жана салыктык катталган орду боюнча салык органына тапшырат (товарды алып өтө турган датага чейин 30 күндүн ичинде). Салык органы кабарламаны карап чыгат жана кабарламанын формасынын тууралыгы жана толугу менен толтурулушу, салык төлөөчүнүн салыктык каттоосунун болушу, иштин буга чейинки мезгили үчүн салыктык отчёттордун тапшырылышы текшерилгенден кийин кабарламаны күбөлөндүрөт. Эгерде салык төлөөчүдө кабарлама жок болсо же алып өтүүчү товарлардын кабарламасында көрсөтүлгөн маалыматтарга шайкеш келбесе, чек араны коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тийиштүү мамлекеттик органдарга маалымат берет жана алып өтүүчү тарабынан товар жөнүндө тийиштүү кабарламаны тариздөө камсыздалганга чейин товарды алуу же жөнөтүү документтерин тариздөөнү токтотот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.02.2016. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jenildik emes dagy dele baleketteri koboyup baratat go tamojniy sayuzdun((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: