super.kg logo

"Тоң районунда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого туш болду" делген жигит соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

 

"Тоң районунда милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого туш болду" делген жигит соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов билдирди.

"Милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынды делген Тоң районунун тургуну Урмат Кубанычбековдун атасы Кубанычбек Асанов аймактык Ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин атына кат жазган. Анда ал "милиция кызматкерлерине арыз-доом жок, уулум соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартат" деп билдирген жигиттин атасы",- деди Усубакунов.

Айта кетсек, 2015-жылдын 30-декабрь күнү Тоң районунун Урмат Кубанычбеков аттуу тургунунун үйүнө милиция кызматкерлери келишип, аны ээн талаага алып кетишкен. Алар аны үндүк уурдаганын мойнуна алдыруу үчүн кычкач менен кыйнаганы тууралуу маалымат тараган эле. Азыркы тапта бул факт боюнча Ички коопсуздук кызматы тарабынан кызматтык иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.02.2016. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкушту тосмо арыз жаз деп дагы коркутушту да. Аллах озу эле жазалап коет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: