Алдамчылык жол менен таанышынын Мицубиси Галант унаасын тартып алганга шектүү жаран кармалды
Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 11-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, милицияга Бишкек шаарынын 37 жаштагы тургуну А.Туратбек кайрылган. Ал Эмил аттуу чала таанышы ишенимине кирип, 4200 долларга бааланган Мицубиси Галант үлгүсүндөгү автоунаасын алып алганын айткан. Бул кылмышка шектелип борбор калаанын 50 жаштагы тургуну А.Эмил кармалды. Факт боюнча тергөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.