Шырдак менен ала кийизге ЮНЕСКО сертификат берет

Кыргыздын шырдагы менен ала кийизине ЮНЕСКО сертификат берет. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, учурда депутат Карганбек Самаков Франциянын Париж шаарында кыргыздын аталган буюмдарына сертификат алуу аракети менен жүрөт. Маалым болгондой, депутат жана 13 кишиден турган кыргыз делегациясы иш сапарында ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушуп, анда кыргыз элине таандык материалдык эмес маданий мурастарды, анын ичинде “Манас” үчилтигин Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.