super.kg logo

Ысык-Көлдө өспүрүмдөр чек арачылардын кызматы менен таанышышты

 

Бүгүн, 11-февралда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы бөлүмүндө Ачык эшиктер күнү өттү. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара Ак-Суу, Жети-Өгүз райондорунун жалпы билим берүү мекемелеринин жана Токтогул Сатылганов атындагы Ысык-Көл облустук жатак-мектебинин катышуучулары үчүн, Ооганстандан советтик аскерлердин чыгарылган жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата уюштурулду. Окуучуларга былтыр 50 жылдыгы болгон аскердик бирикме тууралуу окуялар айтылды.

"Биздин аскер бөлүмүбүздүн тарыхына Ооганстанда өзүнүн жоокердик милдетин аткарган жана өзүнүн жанын аябай Ата Мекенин коргогон баатыр чек арачылардын ысымдары жазылган. Бүгүн биз ал баатырлар тууралуу айтып, алар тууралуу эстеп эле койбостон, жаш муунга жердештери менен сыймыктанууга жана эл-жерин сүйүүгө үйрөтүп жатабыз",- деди Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башчысы Руслан Закиров.

Андан соң курал-жарактар, байланыш каражаттары жана чек арачылар кызмат маалында колдонгон техникалар көрсөтүлүп, өспүрүмдөр үчүн аскердик бөлүмдүн аймагында экскурсия өттү. Окуучулар аскерлер менен сүйлөшүп, алардын кызматы тууралуу маалымат алышты. Атайын багыттагы жоокерлердин оксуз кармашуусу окуучулардын арасында чыныгы кызыгууну жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
11.02.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конулду которгон жакшы жанылык экен.Бир кезде мен дагы ушул частын жанына кундо келип,жогорку чиндеги офицерлерди карап аябай кызыкчы элем.Мен дагы ушулардай жогорку даражадагы офицер болом деп элестетип кыялданчымын.Кудайга шугур,ошол тилегиме жеттим.Окунучтуусу оз жеримде эмес,башка олкодо иштейм.Ошондуктанбы,ушул пограничный часть журогумо эн жакын ыйык жердей сезилет.Сыймыктанам сени менен Караколум!Сагындым сени караанындан кагылайын туулган жерим!
12.02.2016. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да сагындым Колумду. Качан барып шарпылдаган унунду угаар экем.. ээх..
Суроттогу жерлер козго жылуу учурагансыйт го..)
12.02.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы иш-чара болуптур,негизи эле чек-арачылардын санын кобойтуп,жашоо-шартын тузуп бериш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: