Алмазбек Атамбаев Жогорку Бавариядагы темир жол кырсыгына байланыштуу Германия жетекчилигине көңүл айтты
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Бавариядагы адам өлүмүнө алып келген темир жол кырсыгына байланыштуу Германиянын президенти Йоахим Гаукка жана өлкөнүн канцлери Ангела Меркелге көңүл айтты. Бул тууралуу бүгүн, 11-февралда президенттик аппараттан кабарлашты.
Өлкө жетекчиси кырсыктан каза тапкандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалаарын билдирди.
Эскерте кетсек, 9-февралда Германиянын түштүгүндө эки поезд сүзүшүп, 10 адам каза таап, ондогон адамдар жаракат алганы маалымдалган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
19:12
2025-07-15
Рейтинг:
0

