super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Токмок шаарындагы мектептерде күндөлүктөрдү мажбурлап сатып жатышат

 

Токмок шаарынын мектептеринде окуучуларга күндөлүктөр көп жылдан бери мажбурлоо түрүндө сатылат. Бул тууралуу окурман 12-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди.

"Мектеп администрациясы саткан күндөлүктүн баасы 50 сомду түзүп, сапаты жагынан жана көлөмү боюнча базардагы күндөлүктөрдөн алда канча начар жана бир окуу жылына жетпейт. Орто эсеп менен базарда күндөлүктүн баасы 20 сом. Ар бир окуу жылында күндөлүктүн акчасын бир жыл эрте топтоткону менен, окуучуларга күндөлүк II чейректин башында араң тиет. Башкача күндөлүктү колдонууга тыюу салынган. Биз демократиялык мамлекетте жашап жатып эмне үчүн тандоо укугубуздан айрылып жатабыз? Мүмкүн, бул көрүнүш биздей карапайым элдин эсебинен кайсы бир аткаминердин чөнтөгүн толтурган нерседир..."- дейт кабардын автору.

Окурман буга тийиштүү органдардын чара көрүшүн талап кылууда.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
12.02.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин мектептеда мажбурлап 30 сомдон сатышат
12.02.2016. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооба Бизде деле Аксыда Сары челектин суроту Акимдин жб. 45 сом сатышчу.
12.02.2016. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизден деле сатышчу. Быйыл саткан жок. Бирок биздики тескерисинче абдан сапаттуу болчу. Баары бир ончой болуп кооз корунот. Анан сыртында мектептин суроту болот. Неге жаман корушот билбейм бирдей кундолукту.
12.02.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сокулукта да ошондой,40сомдон сатат. 2 жума болду алганыбызга
12.02.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык жерде деле ошондой,анын эмнеси жаман экен баары бирдей бардыгынын сапаты жакшы,базардагы кундолуктордун тыштары аркандай жыланачтанган суротор,кундолуктун кундолуктой болгону жакшы,мен базардан 20 сомдук кундолук коргон эмесмин.Орточо эсеп менен 80 100 сомдон ойдо.Анан дагы окшош кундолуктор жакшы окуучуларды атаандаштырбай.Мектепте сатыла турган кундолукторду жарым жыл мурун сатышат!!!
12.02.2016. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардагы 55 мектепте да ошентип 50 сомдон мажбурлап сатышты.Мектеп формасын дагы мажбурлап келерки окуу жылга азыр заказ бергиле болбосо кымбаттап кетет деп айланы кетируудо
13.02.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми 50 сом жакшы эле кагаз жыртылат сапаты баланын урунганынан менин да баламдыкы тез жыртылат а кызымдыкы ошол эле бойдон бирок экоонуку тен окшош эле 50сомдуе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: