ЭЛДИК КАБАР: Москвада имарат чатырында кар тазалап жаткан кыргыз жараны кулап, ооруканага жеткирилди

Москвада 3 кабаттуу имараттын чатырында кар тазалап жаткан 2 кыргыз жараны кулап, бири ооруканага жеткирилди. Муну окурман 12-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирди. Ооруканага жеткирилген жаран Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну Нурбек экени айтылды. "Экинчисин тааныбайм, ага окуя болгон жерден медициналык жардам көрсөтүлдү",- деп билдирди окурман.
Окуя бүгүн Москва убактысы боюнча саат 10:00 чамасында болгон. Дарыгерлер жабырлануучунун баш мээси чайкалганын айтышканы кабарланды.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






Аракет кылабыз.
Мындан уч жума мурун бир кыргыз тушуп бир жери сынган экен ошол болуп журбосун
Кара тизмеге кошуу мүмкүн эмес. +996 557 47-39-39 номерине дагы бир ирет жөнөткөнгө аракет кылып көрсөңүз.