Футзал боюнча Азия чемпиондугу: Улуттук курам Өзбекстандын оюнчуларына 2:1 эсебинде утулуп калды

Бүгүн, 12-февралда Кыргыз Республикасынын футзал боюнча улуттук курамасы Өзбекстандын футзалчылары менен Азия чемпиондугунда беттешке чыкты. Өзбек оюнчулары алгачкы оюн бөлүгүндө эле эсепти ачып алууга жетишишти. Экинчи бөлүктө дагы 1 гол киргизишип, 2 голду өз пайдаларына жаза алышты. Оюн аяктаганга аз гана убакыт калганда кыргыз футзалчылары намысты колдон чыгарбаганга аракет кылып, 1 гол киргизип калышты. Ошентип, таймаш өзбек оюнчуларынын утушу менен жыйынтыкталды. Мелдеш Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп жатат.
"А" тайпасында спортчуларыбыз эми 14-февралда Сауд Арабия курамасы менен ойношот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Т. Б. Эми эптеп арабдарды утуш керек. Бирок Ливанда Озбектерден утулуш керек, а то аларда 2, бизде 1 эле очко бар...
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Кыргызтан,
Арабия,
Ливан,
Узб
Ушул тортоо эле экен...