Москвадагы метронун рельстерине кулаган аялды куткарууга кыргыз жигити жардамдашты





Кыргыз Республикасынын жараны Москвадагы "Красносельская" метросунун станциясында рельстерге кулап кеткен аялды куткарууга жардамдашты. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазып чыкты.
Бул кырсык 11-февралда болгон. Поездди күтүп турган Юлия Валь талмасы кармап рельстерге кулап кеткен. Аны куткарууга полиция кызматкери менен бирге 28 жаштагы Марат Исаев да рельстерди көздөй түшкөн. Юлияны тургузушканы менен, поезд жакындап үчөөнүн тең жашоосуна коркунуч жараткан.
Марат Исаевдин айтымы боюнча, ал Москвадагы фирмалардын биринде курьер болуп иштейт. 11-февраль күнү жумушунан кайтып келе жатып перрондогу аялдын кулап түшкөнүн көргөн.
"Биринчилерден болуп жардамга полиция кызматкери түштү, бирок ал жалгыз жана ага оор болгондуктан, аркасынан мен да түштүм. Аны дароо эле алып чыга алган жокпуз, поезд жакындап келе жатты. Полиция кызматкери рельстердин арасына жатууга буйрук берди. Рельстер жогорку электр чыңалуусунда болгону кооптуу болду. Биз поезд токтогончо жылбай жаттык",- дейт Исаев.
Окуядан кийин Юлия Валь ооруканага жеткирилген. Ал эми полиция кызматкеринин сыйланарын полиция бөлүмүнөн кабарлашкан.
Кыргыз бала темир жолго кулап кеткен аялды куткарууга жардам берди



Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
Бул комментарийиңиз кандай чыкса башкалар да ошондой эле чыгыш керек эле. Сиз тараптан катачылыктар кетип жатат окшойт.
Негизгиси Марат азаматсың , кайдагы бир орус үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салып.
Жакшы экен да таанышынды корсон.
2011 жылдары чогуу иштегенбиз.
Озу жакшы бала
бирок мл сержант артем королюк деп мактап эле жатат
азамат иним мына сени баатыр десе жарашат
Азыреы заман бироого бироо жардам бергендин ордуна телефонун кармап видиого тартып интернетке таратук менен убара.
Аманбол омурун узун болсун ушундай эл керегине жарайбер!