super.kg logo

Москвада аялды поезддин алдынан аман сууруп чыккан Марат: “Бул жасаганымды баатырдык деп эсептебейм”

 

11-февралда Москванын метросунун "Красносельская" станциясында Юлия Валь аттуу аял талмасы кармап рельстерге кулап түшкөн. Аны полиция кызматкери куткарууга аракет кылып, башкалары жардам бербей жатканын көргөн 28 жаштагы Марат Исаев рельстерди көздөй түшкөн. Поезд жакындап калгандыктан, чыгарып кетүүгө мүмкүн болбой, аялды өздөрү менен кошо рельстердин арасына жаткырып аман калышкан. Марат бүгүн SUPER.KG порталы менен байланышып, бул окуя тууралуу айтып берди.

"Москвада 8 жылдан бери иштеп жүрөм. Жумуштан үйгө метро менен саат 7 чамасында келе жаткам. “Красносельская” станциясына жетип, поездден чыкканда эле аялдын рельске кулап түшкөнүн көрдүм. Дароо чуркап бардым. Менден мурун жардамга полиция кызматкери кол сунуп, рельске секирип түшүп, аялды көтөргөнгө аракет кылды. Анын артынан мен да секирип түшүп жардамдаштым, бирок экөөлөсөк да аны сыртка чыгара албай койдук. Ошол замат кийинки келе жаткан поезддин жарыгы тийип, үнү угулуп калды. Чыгара албай турганыбызды сезип, аялды рельске жаткыра салдык. Анын артынан эле мен, менден кийин полиция кызматкери жата калды. Өз убагында аракет калганыбыз үчүн аман калдык.

Поезд токтогондон кийин деле аялдын өзүнө келе электигин байкап, полиция кызматкерине “Тез жардам” кызматын чакыр деп кыйкырдым. Ал сыртта тургандарга буйрук берди. Машинист “кыймылдабай жаткыла, ток тартып кетет” деп кыйкырды. Бир аз туруп эле полиция кызматкери жөрмөлөп поезддин астынан чыгып кетти. Анын артынан эле бир киши келип, “сүйрөп чыгарышыбыз керек, жардам берейин” деди. Экөөлөп сүйрөп жатканыбызда аял өзүнө келип, мени ургулап туруп алды. Мен "сиз поезддин алдында жатасыз, чыгарып кетишибиз керек" десем деле болбой ургулай берди. Анан мага жардам берип жаткан киши да айтты эле, унчукпай калды. Аны чыгаргандан кийин “Тез жардам” унаасы алып кетти".

Марат поезд келгенче жөн гана чыгарып кетебиз деп ойлоп, өзүн тобокелдикке салган. Анын бул эрдигин угуп-билген бүт орус эли жылуу кабыл алып, рахматын айтышууда. Марат мамлекет тарабынан атайын сыйлык берилип же эске алынбаса да таарынбастыгын белгиледи.

"Поезд астында жатып "Эмнеге бул ишке бардым, өлүп калсам эмне болмок?" деп ойлодум. Анан да кызым, бир туугандарым, жакындарым эске түшүп, катуу ачууландым. Аман калдык, жапа чеккен жокпуз. Азыр элдин баары жакшы тилектерин айтып жатышат. Өзүм менен бирге иштеген орус, кыргыздар “сен биздин баатырсың, сени ушундай эрдик жасайт деп күткөн эмеспиз” деп кубанып жатышат.

Муну мен баатырдык деп деле эсептебейм, жардам бериш керек болду, бердим. Мага эч кандай сыйлык беришпесе деле ыраазымын. Бирок адамга жардам керек болуп турганда полициядан башка эч ким жардам бергиси келбей, тескерисинче, камерага тартып жатышканы мени таң калтырды. Мен жардам бердим, мындайда туруп алуу кыргыздын канында жок. Аял азыр деле ооруканада жатат, жакшы боло элек экен. Мүмкүн, өзүнө келгенде телефон чалып калар".

Марат Исаевдин Москвада жашаганына 8 жыл болду, учурда дизайнердик компаниялардын биринде курьер болуп иштейт. Ал Ош облусунун Кара-Кулжа районунда төрөлүп, Ош шаарында бойго жеткен.






Кыргыз бала темир жолго кулап кеткен аялды куткарууга жардам берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(31)
Медиа-портал
14.02.2016. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
" со мной один гражданин " деп койот. Кыргыз болчу десе оозу кыйшып калабы же жумушунунан айдалып кетеби? Омуруно коркунуч келтирип, булардын омурун сактаса да, квргыз кылды деген соз болбойт го.
Медиа-портал
15.02.2016. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Bolotov8686 Эгаист орус экен.Кудайым баалайт Мараттын эрдигин.
Медиа-портал
19.02.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен дагы күтүп тургам кыргыз деп айтат деп, с.... один гражданин деп койду .
Негизгиси Марат азаматсың , кайдагы бир орус үчүн өз өмүрүн тобокелчиликке салып.
Медиа-портал
14.02.2016. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бала азамат экенсин!!! Оз омурун тобокелге салып тушкон,бул нерсе ар бир адамдын колунан келе бербейт.Мен интернеттен адамдар эле тарткан видиону кордум эле,мынчалык коркунучтуу болгонун байкабаптырмын,азыркы видиодо даана корунгону учун коркуп кеттим.
Азыреы заман бироого бироо жардам бергендин ордуна телефонун кармап видиого тартып интернетке таратук менен убара.
14.02.2016. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Молодец. Андайга журок керек, эрк керек. Берки милиция да милиция болгон учун тушкондур бирок сен чыныгы АЗАМАТ экенсин.
14.02.2016. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азаматсыз! Кыргызымдын жигиттери ар дайым баатыр,мыкты,кучтуу,жана эр болушат!
14.02.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
азамат
14.02.2016. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Красавчик Марат сендей кыргыз жигиттер кобойсун.
14.02.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат!!!Кыргызда коп болсун ушундай жигиттер
14.02.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Баатыр деген ушундай болот анан эле мародёр болуп калса да Баатыр деп наам бербей. Ушуну коруп жасалма баатырлар кичине уялатыр
14.02.2016. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бизге баатыр а орустарга бир гражданин болду да калды
14.02.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын кыргыздын ушундай жанын тобокелге салган биздин жогор жактагылардын араснан да сендейлер чыкса экен!
14.02.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын байке. Алла озу сактаптыр
14.02.2016. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Марат байке сиз бизге баатырсыз!Орустар оздорунун жаранына "баатыр"наамын берип,биздикине беришпеди.Айттым да,койдум!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 14:57:45
14.02.2016. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын мындайга барышкада журок керек..!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 14:57:55
14.02.2016. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Орустар " бир гражданин " десе дей беришсин Аллах бул эрдикти этияттап катып койот акыретте эсепке алат.
14.02.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Апей балам, бул баатырдык эмей эмне, же релистин алдында калган сенин жакынын беле.Эгер озуно жакын адам болсо анда кеп башка.
14.02.2016. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
молодец бизде 7 апрелде случайно отуп бараткандар деле баатырбыз деп жатышпайбы. кээ бироолор тиешеси жоктор деле. сен баатырлык кылыптырсын
Ryskeld түзөттү 2016-02-14 17:33:32
14.02.2016. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ryskeld,Мискенбаеып колунан келсе Думага кат жазсын Кыргыз жараны чыныгы Баатырлык кылды деп.Ошондо Элдин таламын талашкан депутат экендиги анык корунот.
14.02.2016. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азамат бир адамдын омурун сактап калды. Аялдын эпилепциясы кармап калган экенда кудай сактасын эпилепция барлар печканын суунун чукур жерлерден алыс журсо омуруно зиян келтирип алышатко кудайм асырасин
14.02.2016. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХ ХХХ ХХХ... Баракелде!
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-15 14:58:12
15.02.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ayida - эскертүү!
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
14.02.2016. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Орустарга соз жок!Ушундай азаматтар бизде кобойо берсин!!
15.02.2016. 04:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат и рахмат иним!талаа жеринде жаман жагыбызды корсотпой,ушундай эрдик кылып жакшы жагыбызды корсотконуно Алла ыраазы,кыргыз эли ыраазы!Бар бол Этият бол!
15.02.2016. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аалла талаа ден-соолугун берсин коп жашасын
15.02.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баатыр наамын албай рас кылыпсын
15.02.2016. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына баатыр мен болгондо тушпосом керек эле
15.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын
15.02.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркунчтуу,коркуп кеттим
ишинизге ийгилик
16.02.2016. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустар кээ бирлери кыргыздарды жаман коруп жиркенишетго чорныйлар деп ошого ургулап салса керекда бир айтканда тушунуп койсо болмок
Молодец азаматсын
17.02.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсыз, Баракелде деген создордон башка коптогон мактоо создорун айткым келет. Сизге окшогон журогунун тупкурундо чыныгы кыргыз сезими бар жигиттер биздин өлкөдө көп десем жанылышпайм. Бирок ошол кыргыздык сезим,Кыргыздардын ушундай шашылыш учурларда пайда боло калып, адамдарга жардам беруудон баш тартпаган азамат экендигин даңазаладыныз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: