super.kg logo

Нарын облусунда 2 жаштагы жээнин сабап өлтүрүүгө шектелип төрт баланын энеси кармалды

 

Нарын облусунда 2 жаштагы жээнин сабап өлтүрүүгө шектелип 4 баланын энеси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ороз Молдосариев билдирди.

"Окуя 11-февраль күнү Нарын облусуна караштуу Учкун айылында болгон. Анда аймактык милицияга 2 жаштагы баланын өлүмү боюнча билдирүү келип түшкөн. Иликтөө иштеринин алкагында бала тынбай ыйлай бергенинен кылмышка шектүү катары кармалган 33 жаштагы К.Эрмек аны катуу сабап койгону аныкталган. Андан кийин бала өзүнө келбей жатып каза болуп калган. Учурда К.Эрмекке карата "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал камакка алынды. Бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө",- деди О.Молдосариев.

Маалыматка ылайык, катуу ур-токмоктон улам каза болгон 2 жаштагы баланын апасы аны өз жеңесине 5-январь күнү калтырып, өзү акча табуу үчүн жумуш издеп борбор калаага кеткен. Кылмышка шектүү катары кармалган аялдын 1, 3, 6 жана 8 жаштагы 4 баласы бар экени маалым болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.02.2016. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланы олтургон аялдын аты Эрмекби экен? Мындайларды эмне кылсак болот?
15.02.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бардыгынын эле нервдери жукарып кеткен. Энелер кичине баланын ыйлаганына да чыдабай калышты.
15.02.2016. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял кишинин да аты Эрмек болобу биринчи жолу угуп атам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: