Өткөн суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталып, Аламүдүн районундагы чарба курулуштарынын биринин чатыры күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 2, Ош шаарында 1 өрт кырсыгы катталды.
Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда жалпы аянты 22 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер жабылган чарба курулушунун чатыры, унаанын 8 дөңгөлөгү, 1 куб отун күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.