super.kg logo

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелип 3 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалды

 

Чүй облусунун Москва районунда адам өлтүрүүгө шектелип 3 жылдан бери издөөдө жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда SUPER.KG порталына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев билдирди.

"2012-жылдын 25-декабрында М. уулу Максат Беловодск айылынан 33 жаштагы жергиликтүү тургунду бычактап, окуя болгон жерден качып кеткен. Оор жаракаттан улам жабырлануучу каза болуп калган. Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү Нарын облусунда жана борбор калаада жашынып жүргөнү белгилүү болгон. Тиешелүү кызматтын кызматкерлери тарабынан ал Бишкектен өткөн аптада кармалган. Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары улантылууда", - деди Осмонбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: