super.kg logo
  Саясат  

Каракол шаарында республикалык деңгээлдеги 6-илимий симпозиум өтөт

 
14-15-май күндөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде республикалык деңгээлдеги 6-илимий симпозиум өтөт. "Адамдын туруктуу өнүгүшү – өлкөнү өнүктүрүүнүн максаты жана жыйынтыгы" деп аталган бул иш-чара Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата уюштурулууда. Симпозиумга өлкөдөгү мугалимдер, илимпоздор, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышып, докладдар окулат. Анда окулган докладдардын топтому өзүнчө китеп болуп даярдалып, авторлорго жана тиешелүү мекеме, уюмдарга акысыз таркатылат. Илимий иш-чарада "Канткенде адам уулу адам болот? 21-кылымдын глобалдуу, улуттук, инсандык көйгөйлөрү. Адам болуу аста-аста. Адамды туруктуу өнүктүрүүгө багытталган улуттук билим берүү концепциясы" сыяктуу олуттуу маселелер боюнча талкуу болот.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: