super.kg logo
  Спорт  

Өкмөт "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында алтын медаль тагынган спортчуга 7 миллион сом убада кылды

 

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында алтын медаль алган спортчуга өкмөт 7 миллион сом өлчөмүндө кызыктыруучу сыйлык убада кылды. Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариевдин буйругу чыкканын Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, спортчулардын башкы машыктыруучулары жана жеке машыктыруучулары спортчуларга каралган сумманын 25 пайызына барабар өлчөмдө сыйлык алышат.

"Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасында спортчуларга каралган акчалай сыйлык:

1-орун (алтын медаль) – 7 000 000 сом (жети миллион сом);

2-орун (күмүш медаль) – 5 000 000 сом (беш миллион сом);

3-орун (коло медаль) – 3 500 000 сом (үч миллион беш жүз миң сом);

4-орун – 2 000 000 сом (эки миллион сом);

5-орун – 1 000 000 сом (бир миллион сом);

6-орун – 900 000 сом (тогуз жүз миң сом);

7-орун – 800 000 сом (сегиз жүз миң сом);

8-орун – 700 000 (жети жүз миң сом).

Кошумчалай кетсек, 5-21-август аралыгында Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына 200дөн ашык мамлекеттен 800гө чукул спортчу катышат. Анда жалпысынан 306 комплект медаль ойнотулмакчы. Кыргыз мамлекетинен аталган мелдешке катышуу укугуна азырынча жеңил атлетика боюнча Мария Карабицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана грек-рим күрөшүнөн Арсен Эралиев ээ болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
15.02.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
8- орунду алсан деле жакшы сыйлык экен.Анда неге бир эле Арсен бар,калганы орус го.Путинден корсотмо келген окшойт деп калдым.Бюджетте акча жок дейт да,кайра коп суммада приз коюптур.Андан коро жаза же штраф колдонсо спортсмендер тырышып ойношмок.
15.02.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai3,суйлойт десе суйлой берет экенсинда эч нерсени тушунбой.
15.02.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bolotbai3,Мына сага тамаша, тоо десе бээ дегендер куйгузот да ушинтип....Тууган, мени уят кылбай жакшылап окуп анан комментарий калтыргын.
15.02.2016. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дуйнону дунгуроткон СШАда чемпиондук учун эч кандай акчалай сыйлык берилбейт. Спортсмен тек потриоттук сезим менен гана олкосу учун жанын уроп катышып берет. Бизде олосолуу экономикабыз менен ушунча сумма сайыш керек беле.Же спортчубуз ошо мекендин сыйын тушунсо экен. Эртен ошо алган акчага арак ичип кутуруп,мылтык которуп мушташып журсо,мындай сумма толоп,же анын кадырын билбеген чемпиондор кимге керек.
15.02.2016. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
behappy74,Тууган, азырынча бир нерсе деп айтыш кыйын, кутолу буюрса убакыт корсотот.
17.02.2016. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
behappy74, сага Ким айтты Америкада чемпион болуп алтын алып келсен акча бербейт деп ?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: