super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Өкмөттүн өкүлү акимдерге шайлоого байланышкан маселелерди чечүүгө 3 күн убакыт берди

 
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү К.Муратбеков бүгүн администрациянын жыйындар залында район башчылары менен жыйын өткөрдү. Иш-чарада негизги 3 маселе каралды. Алардын ичинде жакында боло турган жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо, кышка даярдык жана жазга даярдык тууралуу кеп-кеңеш, сунуш, маселелер талкууланды. Мындан сырткары алдыдагы шайлоого болгон даярдык, кээ бир участоктордо шайлоо комиссияларынын түзүлүп бүтө электиги,  участоктордогу шарттар, урна, кабиналардын даярдыктары тууралуу эскертүүлөр болду. Өкмөт өкүлү тарабынан милдеттенмелер берилип, 3 күндүн ичинде маселелерди чечүүнү буюрду. Кышка жана жазга даярдык боюнча да бир топ маселелер каралып, көмүр, жылуулук берүү жана жазындагы сел каптоо, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча тапшырмалар берилди.    





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: