super.kg logo
  Саясат  

Депутат: «Спортчулар - биздин запастагы армиябыз»

 

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын паралимпиадалык спорту жөнүндө» мыйзамынын долбоору биринчи окууда каралууда.

Өкмөт өкүлү Нуржан Бардинованын айтымында, бул мыйзам долбоору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды дене тарбия жана спорт менен туруктуу машыгууга тартуу максатында иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн спортту өнүктүрүүгө багытталган укуктук мамилелерди жөнгө салат.

Комитеттин мүчөлөрү бул мыйзам долбоорун колдой турганын айтышууда. Депутат Тазабек Икрамовдун айтымында, өлкөдөгү айрым спортчулар кандайдыр бир себептен улам жаракат алып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип калганда, аларга коомчулук тарабынан жардам көрсөтүлбөй калууда. "Спортчулар - биздин запастагы армиябыз. Эл аралык мелдештерде алар желегибизди желбиретип, өлкөбүздүн атын дүйнөгө таанытышууда. Каржы министрлиги спортчуларды эл аралык оюндарга даярдоого каржылоону көбөйтсө жакшы болмок",- деди Икрамов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: