Нарында аялын өрттөп жиберген жаран өзүнө келе албай жатып каза болуп калды

Нарында аялын өрттөп жиберген жаран өзүнө келе албай жатып каза болуп калды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 15-февралда Нарын облустук ооруканасынын башкы дарыгери Мурат Атбаев билдирди.
"Бейтап ооруканага денесинен 32 пайыз күйүк алып түшкөн. Абалы өтө оор болчу, ал 2-даражадагы күйүктөрдү алып, ички органдары ууланып, биринин артынан бири иштен чыгып жаткан. Бейтап эсине келе албай жатып кечээ түшкө маал каза болуп калды. Сөөгүн туугандары алып кетишти",- дейт Атбаев.
Эске салсак, каза болгон жарандын аялы да денесинин 75-80 пайызы күйүп, ал 8-февраль күнү өзүнө келбей жатып көз жумган. Маалыматтарга ылайык, жубайлардын балдары жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Кимдир бирөөлөрдүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат.
aziziko, shiko - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.