super.kg logo
  Спорт  

Футбол боюнча Кышкы биринчиликте канттык "Наше пиво" клубу жеңүүчү аталды

 

13-февралда футбол боюнча өлкөнүн Кышкы биринчилиги жыйынтыкталды. Мелдештин жобосуна ылайык, бул күнү командалар 7-орун, 5-орун, 3-орун жана 1-орун үчүн беттеш өткөрүштү. Бул тууралуу КРнын Футбол Лигасынан кабарлашты.

7-орун үчүн беттеште өз тайпаларында акыркы орунду ээлеп калган "ГЭС-5" – "Абдыш-Ата-99" командалары кез келишти. Жыйынтыгында "Абдыш-Ата" 0:3 эсебинде жеңишке жетишти.

5-орун үчүн беттеште 2 тайпада 3-орунду ээлеп калган "РСДЮШОР" жана "Кочкор" командалары беттешип, 3:3 эсебиндеги тең чыгуу катталды. Пенальтилер сериясында болсо 3:1 эсебинде "РСДЮШОР" жеңүүчү аталды.

Коло медаль үчүн беттеште "А" жана "В" тайпасында 2-орунду ээлеген "Алга" жана "Живое пиво" командалары кез келишти. Анда 1:4 эсеби катталып, "Алга" ири эсептеги жеңилүүгө туш болду.

Финалда болсо "Кара-Балта" жана "Наше пиво" клубдары беттешти. Оюндун негизги убактысында 1:1 эсеби катталып, жеңүүчү пенальтилер сериясында аныкталды. Жыйынтыгында 2:4 эсебинде "Наше пиво" командасынын оюнчулары жеңүүчү аталышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: