Москвада мас абалдагы жигит эки кыргыз жаранын бычактап салып, бири каза тапты

Орусиянын Москва шаарында мас абалдагы жигит эки кыргыз жаранын бычактап, оор жаракаттан улам алардын бири каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Орусиянын маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя 14-февралда түнкү саат 00:30 чамасында болгон. Анда 23 жаштагы кылмышка шектүү "Перово" станциясынын жанынан 29 жана 31 жаштагы кыргыз жарандарын бычактап салган. Оор жаракаттардан улам алардын бири окуя болгон жерден көз жумган. Ал эми экинчиси оор абалда жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген, учурда ага тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен, бирок көп убакыт өтпөй ал полиция кызматкерлери тарабынан табылган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
-1

Жакшы кабардан жаман кабар кобойдуго
Ичкиликтин кесепети да!Жайы жаннатта болсун.
Шеригине Аллахым шыпаасын берсин.