Орусияда өздөрүн "патриот" деп эсептегендер дагы эки кыргыз кызын башка улуттун жигиттери менен жүргөн жеринен кармап, суракка алганы интернетке тарады

Орусияда өздөрүн "патриот" деп эсептегендер дагы эки кыргыз кызын азербайжан улутундагы жигиттер менен кафеде жүргөн жеринен кармап, суракка алганы тууралуу видео интернетке тарады. Видео 15-февралда тараганы менен, качан жана кайсы убакта тартылганы азырынча белгисиз.
Кыздардын бири бетин видеого тартууга каршы чыкпай, өз оюн айтып берген. Ал эми экинчиси болсо жүзүн жашырууга аракет кылган. Талас облусунан боло турганын айткан кыздар эч кандай туура эмес жолдо эместигин түшүндүрүүгө аракет кылышкан. Балдар кыздарды ур-тепкиге алышкан эмес.
Ички иштер министрлиги тарабынан видео тууралуу азырынча жооп боло элек.
Көргүлө! Кыргыз жигиттеринин дагы бир жапайылыгы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сизде кандай катачылыктар болуп жатат?
Же бул шилтеме аркылуу өтүп көрүңүз:
http://www.super.kg/media/uservideo/161405
Эскертүү! Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүү калтырууга тыюу салынат!...
...
Менин курбум иштен уйуно баратса акча бер, болбосо уруп тееп видеого тартып шерменде кылам деп коркутушуптур. Жанында болгон 200рубльун кармата уйуно качкан экен артынан кууп подъезд дин алдында кийимлерин тыткылашыптыр дагы акча чыгар деп. Кыйкырып апалап аран калдым дейт. Так что жургону чын экенин биринчи далилдешсин. Ошо азерлерди да тартсын духу жетсе. ХХХ жетеви мышмыйып унчукпай карап турду да, качан кыздар жалгыз калганда напали.
Эскертүү! Жеке айтышууларга тыюу салынат!
Эскертүү! Этика нормаларын сактаңыз!
Кимдир бирөөнү далили жок каралоого жол берилбейт!
3 күн БАНга!...
Туура тушунгуло кыргыз жигиттерди, мен бул жигиттерди колдоймун, башка улут менен кыргыз кызын корсо ар бир кыргыз жигитинин журогу тызылдап кыжыры кайнайт
Этика нормаларына туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.