Сокулук районунда "терезеден кирип зордуктаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды
Сокулук районунда "терезеден кирип зордуктаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 28 жаштагы айым кайрылган. Анда ал 10-февраль күнү таңкы саат 06:00 чамасында Элдияр аттуу чала таанышы үйүнүн терезесинен кирип, күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 25 жаштагы Э.Э. аттуу жергиликтүү тургун кармалган. Бул факт боюнча "зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-2

ХХХ ХХХ ХХХ... Гормон көп бөлүнүп кеткен окшойт да .
Этика нормаларын сактасаңыз.
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.