super.kg logo
  Спорт  

Өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасы-2016: Кыргыз биатлончусу Кундуз Абдыкадырова пасьют жарышында дагы 49-орунду ээледи

 

Норвегиянын Лиллехаммер шаарында өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасы уланууда. Мелдешке Кыргыз Республикасынын атынан чыгып жаткан биатлончу Кундуз Абдыкадырова кечээ, 15-февралда биатлондун "пасьют" түрү боюнча жарышка түштү. Жарышка жалпысынан 49 спортчу катышкан.

Мелдештин расмий сайты кабарлагандай, анда 7,5 чакырым аралыкка жарышуу болду. К.Абдыкадырова ок атууда болсо 17 ирет бутага таамай ата алган жок. Бул жолу да спортчубуз 14-февралдагы спринт жарышындагыдай эле 49-орунду ээлеп калды.

Бул жарышта алтын медалды украиналык Кристина Дмитренко багындырды. Кыргыз спортчусу жеңүүчүдөн дээрлик 22 мүнөт артта калды.

Кошумчалай кетсек, өспүрүмдөрдүн Кышкы Олимпиадасына 15 жаштан 18 жашка чейинки курактагы спортчулар 15 спорт түрү боюнча 70 комплект медаль үчүн таймаш өткөрүшүүдө. Жалпы спортчулардын саны миңден ашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.02.2016. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шарт жок машыгуусу начар болсо керек. Эми капаланбай кайра кобуроок машык. Кыргыздар лыжадан утулсада таамай аткандан утулбаш керек, ата бабабыз мергенчи эмеспи. Келеерки жылы ийгилик каалайм. Спонсор табылып жакшы базада машыгууна тилектешмин. ...
16.02.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кундуз карындашым рахмат сага ошончолук барганын озу жетишкендик, Кыргыздын атын чыгардын, керек болсо биздин журокто биринчисин карындашым капаланба, женилуунун артынан жениш келет, утулуунун артынан утуш келет, Биринчи Кыргыз кызы катышып жатасын жакшы болот! !!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: