super.kg logo

Борбор калаабызда бир катар уурулук фактылары катталды

 

Бишкек шаардык милициясы тарабынан бир катар уурулук фактылары ачылды. Бул тууралуу 16-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын 61 жаштагы тургуну Т.Сүйөркул арыз менен милиция кызматкерлерине кайрылган. Ал Москва жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан дүкөнүнө белгисиз адамдар кирип, ичиндеги 15 миң сомдук товарын уурдап кетишкенин билдирген. Ыкчам издөө иштеринен улам бул кылмышка шектүү деп Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну О.Нурболот жана Чүй облусунун тургуну Ж.Атагелди кармалышкан. Алар буга окшогон бир катар кылмыштарга шектелүүдө.

36 жаштагы Н.Жалын аттуу борбор калаабыздын тургуну 7000 сомго бааланган “Самсунг-Галакси” уюлдук аппаратын уурдап кетишкенин билдирген. Шектүү катары Бишкек шаарынын 23 жаштагы тургуну Ж.Азат кармалган.

47 жаштагы М. Гүлсара аттуу аял да милицияга кайрылган. Ал болжол менен саат 02:00дө белгисиз адамдар Панфилов көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнүн темир торун сындыруу жолу менен кирип, 5 миң сомго зыян келтиришкенин билдирген. Бул фактыга шектүү деп 18 жаштагы О.Нурболот, 21 жаштагы
У.Эрнис, 21 жаштагы Ж.Атагелди кармалган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, тергөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.02.2016. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы. мага бул кабар маанилуу эмес. борбор дегенди билем калаа деген эмне ал кайсы тилде кыргыз тилинде ушундай соз барбы. рахмат.
17.02.2016. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gamster,калаа деген шааар деп айтылат
17.02.2016. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Inna_91 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: